КАРТ II Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Кары, картаң, улгайган. Карт орустар, көптөн сырын билгендер – Ай, Кийизбай! Ай, Кийизбай!–деп калат (Осмонов). Карады кайберенди көөнү толкуп, Карт мерген кабак серпип жаңы ойгонгон (Бөкөнбаев).
КАРТ III Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Кекиргенде чыккан дабышты, катуу кекиргенди билдирүү үчүн колдонулат. Токтобек күр болгон короздой мойнун керип, карт кекирди (Абдукаримов).